Айтор көпчүлүк дарыгерден коркобу же акча жоктугунанбы ооруканага басып барбайт.

Буга чейин элде «молдого бар» деген кеп актуалдуу болуп келсе, интернеттин жайылышы менен оорунун дабасын «гуглдан» издегендер көбөйдү.

Жакында эле Казакстанда бир эне баланын башындагы биттерин кетирем деп малга колдончу күчтүү дарыны чачына сүйкөйт. Көп өтпөй кыз эс-учун жоготот. Ооруканага баргандын ордуна туугандарына чалып, интернеттен кеңеш издеген аял өтө кеч тез жардам кызматын чакырган. Жыйынтыгында наристе ооруканага жетпей көз жумат.

Кыргыз сайттарын да изилдеп жатып ар кандай көйгөйлөр айтылаарын байкаса болот. Бул көрүнүш өзгөчө үйдө отурган жаш энелер менен өспүрүмдөр арасында катуу байкалат.

«Кирпикти үй шартында кантип өстүрөт» дегендерден баштап, «кантип арыктоого болот» деп 14-15 жаштагы кыздар көп учурда кооптонтчу кеңештерди алышат. Мисалы, «түшкү саат 12ден кийин тамак ичпе, же болбосо ош базарда бул эже кытай дарысын сатат, алсаң дароо арыктайсың» дегендер. Ал дармекти жаш кыз ичип алып, ден-соолугуна зыян келтирсечи?

Социалдык тармактардын биринде жалаң гана кыздар арасындагы анонимдүү группа бар. Ал жердеги посттор бир чети эч коркунучсуз көрүнгөнү менен, жакшылап карай келсең, жүрөк үшүн алчу окуялар жана аларга карата жазылган комментарийлер да бар.

Алардын арасындагы бир-экөө:

1)Беттеги кара точкаларды кетирүү үчүн лавр жалбырагын уксуска чылап, анан сүртүү керек экен. Сүрттүм, бетим атышып жатат, карарды. Эмне кылса болот?

2) Жатыныман көк суюктук агат. Башында жынсы шымдыкы деп ойлогом, кийинчирээк андай эмес экенин түшүндүм. Кеңеш бергилечи.

3) Боюмда бар болуп калды. Кошуна эжем тааныш кемпир бар дейт. Ал үй шартында бойдон алдыра алат экен. Коркуп жатам, бирок айла жок.

Жазылган комментарийлер жарымы дарыгерге барууну сунуштаса, арасында свеча сал, бул дарыны ич дегендери да бар.

№3 үй-бүлөлүк ооруканасынын дарыгери Аскарбек Чериков качан адамдар бир гана билими бар адам кеңеш берип, дарылай алат экенин түшүнүшө турганын айтты.

«Бизде элдик медицина деген да жакшы өнүккөн. Бир окуя айтайын: бир бейтап көптөн бери башы катуу ооруп, чыдатпай коет. Акыры тааныштардын угуп-билип, молдого барып башына жумуртка сүйкөтүп, акча берип, атайын дары жасатып ичип алып жүрө берет. Акыры инсульт алганда гана ооруканага кайрылган. Бул албетте өкүнүчтүү»,- дейт.

Анын айтымында көп учурда «айыкпас дартым бар» деп ойлогондор, көзү ачыктарга барып, интернеттен кеңеш издей башташат. Азыркы учурда заманбап медицина баарын дарылайт.

Адам өмүрү оюнчук эмес. Кээ бир адамдар өзүңүн эмес, башканын өмүрүн коркунучка келтирип, билбесе да шектүү кеңештерди берүүдөн биринчи ойлонушу керек.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү