Кыргызстандын курамасы (U-16) Индияда өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында ийгилик жаратты.

Самат Суймалиевдин командасы В тайпасында Австралияга каршы ойноп, 1:0 эсеби менен жеңишке жетти.

Жалгыз голдун ээси Адилет Каныбеков.

Курама 3 балл топтой алды. Алдыда команданы Япония менен болгон беттеш күтөт.

Оюн 19-сентябрда болмокчу.

 

 

Бөлүшүү