3 жашар Ыскак Үсөновдун үй-бүлөсүн турак-жай менен камсыз кылуу тапшырмасын берди.

Кара-Cуу шаарындагы базарда контейнер алдында жерде уктап жаткан баланын сүрөтү көптөгөн электрондук басылмаларда жарыяланган соӊ президент бул баланы таап, анын үй-бүлөсүнө колдон келген жардамды берүүнү тапшырды. Бул тапшырманы президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов, вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиевага жана Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашевге берди.

Мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, өкмөт өлкөдө эне менен баланы коргоо маселелерине байланышкан кырдаалды кайрадан тереӊ талдоосу зарыл.