Ар жылы 19-сентябрда өзгөчө майрам белгиленет. Жылмаюнун (смайлик) туулган күнү.

1982-жылы 19-сентябрда Карнеги-Меллона Скотт Фалман (Scott E. Fahlman) аттуу профессор үч символду колдонууну сунуштаган. Алар кош чекит, сызыкча жана каша. Компьютерден тергенде «жылмайган жүз» келип чыгат. Бул электрондук лексиконго негизги толуктоо болгон.

З0 жылдан ашуун кызмат кылган «жылмаю» электрондук каттарда алмаштыргыс белги болуп келет. Бул убакыт аралыгында, каттын ичинде өз сезимдериңди көрсөтө ала турган дагы көптөгөн «смайликтер» пайда болду.

Автор: Нуркыз Маматова