Бүгүнкү маалымат жыйында коомдук ишмер Эдил Байсалов камакка алынышы мүмкүн экендиги жөнүндө айтты.

Анын билдирүүсүндө ишеничтүү булактардан бир нече жумадан бери камоого буйрук берилип жатканы тууралуу билдирүүлөр түшүп жатат.

«Президент кайсы бир кызматты ээлебесе да, дагы 10 жылдык бийлигин сактап калууну эңсеп жатат. Каршы чыккандардын көзүн тазалоо да ниети бар. Анын пландары так иштелип чыккан. Эгерде мен камала турган болсом, Текебаев менен Отунбаевага каршы көрсөтмө берет деп ишенүүдө» — дейт ал.

Өзүнүн камакка алынуусунан кийин саясатчылар гана эмес, активисттер жана башка президентке каршы чыккандардын баары репрессияланышы мүмкүн деп эсептейт.

Андан сырткары Байсалов Кадыржан Батыровго дипломатиялык паспорт жасап берүү үчүн тышкы иштер министрлигине өтүнүч менен кайрылганын билдирди. Анын айтымында ал 2010-жылдын апрелинде июнь окуяларына чейин кайрылган.

«Мен Батыровдун демонизациясына каршымын. Паспортунун мөөнөтү бүтүп калгандыгына байланыштуу мага кайрылган болчу. Мен макуо болуп аны ТИМге өткөрүп койгом. Кийин алар Батыров эч кандай кызмат ордун ээлебегендиги үчүн паспорт ала албастыгын айтышты» — деди саясатчы.

Ошондой эле убактылуу өкмөттүн Батыровдун качырылышына тиешеси бар экендигин билбестигин кошумчалады.

2010-жылы Эдил Байсалов убактылуу өкмөттүн аппаратын башкарып турган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү