3 жаштагы Исхактын апасы Зульфия Усенова. Анын Исхактан тышкары 2 баласы бар. Эң кичүүсүнө бир ай болду. Үй-бүлөнүн абалы оор.
Вице-премьер Гульмира Кудайбергенованын берген маалыматына ылайык, азыр аларга материалдык жардам көрсөтүлдү.
Зульфия Усенованын паспорту жок болгондугуна байланыштуу мамлекеттик каттоо кызматына бул маселени эртерээк чечүү боюнча буйрук берилди. Ошондо эне балдарына жөлөк пул алып, балдар бакчасына орноштура алат.
Азыркы учурда Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү үй-бүлөнүн турак жай маселесин чечүү боюнча чараларды көрүүдө.