Орусиялык оюнчук жасоо жана сатуучулардын ассоциациясы оюнчуктарды жасоодо психологиялык-педагогикалык экспертизадан өткөрүп, улуттук жана диний аспектилерди эске алуу менен өндүрүүнү сунуштап жатат.

Бажы союзундагы техникалык регламентке психологиялык-техникалык коопсуздукка жооп берген оюнчуктарды гана сатыкка чыгаруу керек деген толуктоону киргизүү сунушталды. Анда моралдык бузукулукка жол берген, зордук-зомбулукка чакыра турган оюнчуктар сатылбашы керек деп айтылды.

Ассоциациянын билдирүүсү боюнча балдар оюнчуктарынын көбү Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн улуттук, көп улуттуу жана диний өзгөчөлүктөрүнө карап жасалган эмес.

Анда европа стандарты менен кийинген, мусулмандардын критерийлерине шайкеш келбеген Barbie куурчагына мисал келтирилди.

Аталган сунуш 30-ноябрга чейин коомдук талкууда болот.

Бөлүшүү