Алар Атамбаевдей болуп, аянттын бороборунда оппоненттерин жамандаган эмес.

Бул тууралуу «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ал башка диктаторлор менен күрөшкөн бирок мындай төмөн түшкөндөрдү көргөн эмес.

«Атамбаевдин тарапташтары мага келип, хан сарайы жөнүндө маалыматты ким бергенин айтууну талап кылып жатат. Маалымат берген адамды таап алышса коркутушу мүмкүн», — дейт Текебаев.

Мындан тышкары, анын артынан төрт унаа аңдып жүргөнүн кошумчалады.

Текебаев  Атамбаев мурда Бакиевдерге тиешелүү болгон жер тилкесине үй салып жатканын маалымат жыйында айткан. Андан кийин президент бул маалыматты боюнча текшерүү тапшырмасын башкы прокуратурага берген.