Нью-Йорктогу ассамблеяда бир жума ичинде 130дан ашык өлкө жана өкмөт башчылары, 50дөн көп тышкы иштер министрлери уюмдун трибунасынан сөз сүйлөп, миңге жакын жолугушууларды өткөрүшөт.

БУУнун 71-сессиясында качкындардын жана мигранттардын глобалдуу көйгөйүнө өзгөчө басым жасалат. Ага карата Нью-Йорк декларациясы кабыл алынды жана 2018-жылды утурлай эки маселени жөнгө салуу боюнча келишимдер кабыл алынат.

Ошентсе да ассамблеядагы маселелерди кароодо Сириядагы жагдай биринчи орунга чыгып жатат. Бул маселе 21-сентябрда БУУнун коопсуздук кеңешинин жогорку деңгээлдеги отурумунда каралат. Анда уюмдун Сириядагы атайын өкүлү Стаффан де Мистуранын сөз сүйлөөсү күтүлөт.

22-сентябрда Ливия боюнча министрлердин отуруму болуп, Жакынкы чышыш менен Африканын түндүгүндөгү маселелер каралат.

20нан 26-сентябрга чейин ар кыл дүйнөлүк глобалдуу маселелер талкууга алынып, миңден ашуун эки тараптуу сүйлөшүүлөр орун алат. 1100 атайын бөлмө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн брондолгону айтылууда. 545 конференция жана маанилүү иш чаралар өткөрүлөт. БУУнун башкы катчысы 124 эки тараптуу сүйлөшүүгө жана 62 отурумга катышат.

Жалпы саясатка арналган жумалыкта ассамблеяга катышуучулардын коопсуздугу күчөтүлгөн тартипте сакталат. Дипломат, журналист жана башка кызматкерлердин ар бир кыймылы көзөмөлдө болуп, штаб-квартира өзгөчө режимде кайтарылат. Анткени буга чейин башкы ассамблея башталар алдында Нью-Йорк менен Нью-Жерси штатында жардыруулар болгону маалым.