Freedom In the World — 2016 докладында жөнөкөй жарандардын укуктары жана эркиндигин эске алуу менен 195 өлкөнүн жана 15 талаш аймактын ичиндеги жагдайлары бааланган.
Ошондой эле докладда саясий укуктар, жарандык эркиндик көрсөткүчтөрү дагы эске алынды. Мурунку ССРБнын катарына кирген өлкөлөрдүн ичинен Грузия (64 балл), Украина (61) жана Молдова (60) кирип, Кыргызстан (38) толук эркин эмес мамлекеттердин катарына кирди.
«Эркин эмес» өлкөлөргө Азербайжан (16), Беларусь (17), Казакстан (24), Орусия (22), Тажикистан (16), Түркменистан (4) жана Өзбекстан (3) кирген.
Жалпы 195 мамлекеттин ичинен 86сы эркин, ал эми көрсөткүчтөрү жогору болгон Норвегия, Сан-Марино жана Швеция (100 упайдан), Канада жана Нидерланды (99), Австралия, Барбадос, Дания, Лихтенштейн, Люксембург, Жаңы Зеландия жана Уругвай (98) болду. Эркиндик жок өлкөлөрдүн катарына Сомали (2), Эритрея, Түндүк Корея жана Өзбекистан (3 упайдан) Сирия (1) кирди.
Бул топто жалпы 50 мамлекет бар.