Бразилиялык Жаоа Майя оюндарга каттоодон өткөн алгачкы азиз сүрөтчү катары тарыхта калды.

Ал кичине кезинде катуу ооруганына байланыштуу 28 жашында толугу менен көзү көрбөй калган.

«Жакын аралыктан өңдөрдү жана сөлөкөттөрдү айырмалай алам. Дүйнө элдерине мен бар экендигимди жар салууга жалгыз мүмкүнчүлүк. Көргөнүмдүн баарын тартууга аракет кылам»,- деп айтып берген ал huffingtonpost сайтына.

Андан сырткары сүрөт тартуу учурунда Жаоа Майя спортчулардын сырткы келбетин да сүрөттөп берет.