Кыргызстандын жаранына «Орусия федерациясына чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз жолдор менен келишине шарт түзүү» деген берене боюнча айып тагылып, соттолду.

Соттолуучу 4 жарандан 3 миңден 4 миң 500 рублга чейин акча каражатын алып, алардын Түштүк-Сахалинге мыйзамыз алып келген.

Сот отурумунда ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, ишти өзгөчө тартипте кароого макулдугун билдирген. Соттун өкүмү менен ал 6 айга колонияга кесилмей болду.

Сахалин облустук прокуратурасынын маалымат кызматы өкүмдүн мыйзамдуу түрдө күчүнө кире электигин билдирген.