Кечээ «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана коомдук ишмер Эдил Байсалов саясий куугунтук болуп жаткан өңүттөгү сөздөрүн айтып маалымат жыйын өткөргөн.
Бүгүн ЖКдагы Конституциялык мыйзамдар комитетине УКМК жана башкы прокуратура өкүлдөрү чакырылган. «Бир бол» фракциясынан депутат Чолпон Жакупова атайын комиссия түзүүнү сунуштады. Бирок колдоо таппагандыктан, күч органдары бул тууралуу маалымат берсин деген чечим кабыл алышты.