«Сауд авиакаттамына» таандык учак Манилага келип коноордо, пилот учакка коркунуч келип жатканы тууралуу кабарлаган.

Ичинде ажыдан келе жаткандар болгон. Коммерциялык каттамдын пилоту шашылыш билдирүү жасап, учакты уурдап кетүү коркунучу бар деп белгилеген.

Ошол замат Филиппиндин борбордук полициясы Манила аэропортуна келип, ошондой эле барымтадагыларды куткаруу кызматы кошо жете келген.

Кийин эч кандай коркунучтар келтирилбегени маалым болуп, Saudia Airlines билдирүүнүн жалган экенин билдирген.