Экономика министри Арзыбек Кожошев Эл аралык валюталар фондунун төрагасы Эдвард Жэмайэл менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда ЭВФ офисинин туруктуу өкүлү Яхья Саид да болуп, анда кеңейтилген насыя режиминин алкагындагы каржы жана экономикалык саясат программасы үчүнчү жолу талкууга алынды.
Андан сырткары КРдин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланышкан маселелер, 2017-жылга карата божомол менен негизги иштер жана экономикалык, каржылык саясат боюнча меморандум өткөрүү пландары каралды.
Экономика министрлигинен билдиришкендей, Кожошев салык тармагына кайрылып, Жэмайэл болсо өз кезегинде бюджеттин таңсыктыгына болгон кабатырлыгын билдирип, өлкөнүн өкмөтүн таңсыктыкты жоюуга жана мамлекеттин карызын азайтуунун жолдорун иштеп чыгууну сунуштады.
Бөлүшүү