ЖКда депуттар жемкорлук жана жемкорлук схемалары жөнүндө билдиргендерге сыйлык берүү тууралуу кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүүнү талкуулап жатышат.

Долбоордун демилгечилеринин бири «Ата Мекен» фракциясынан Аида Салянова билдиргендей, мурунку редакцияда 100 миң сомдон ашык зыян келтире турган жемкорлук ишинин алды-алына турган болсо сыйлык берилет деп жазылган болчу.

«Коопсуздук кеңешинин катчылыгы бул сумманы 1 млн сомго чейин көтөрүүнү сунуштады. Биз буга макулбуз» — деди эл өкүлү.

Анын айтуусу боюнча сыйлык өкмөт тарабынан төлөнүп берилет.

«Алгач иш сот тарабынан каралат. Ошондо гана чыгымга карата жыйынтык чыгарылат. Бул тууралуу талаш-тартыштар көп болду. Эгерде 1 млн сомдук зыян келтирүүнүн алды алынып жатса, билдирүү жасаган адамга эмнеге сыйлык берүүгө болбосун? 100%га караганда 30% аз гана сумма» — деп кошумчалады Салянова.