Президент Алмазбек Атамбаев Конституциянын оңдолгон акыркы тексти менен таанышып, колдой турганын билдирди.
«ЖК депутаттары Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча рефрендум өткөрүүгө элге өз алдынча чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет деп ишенем. Ар бир мамлекеттин тарыхында өлкөнүн келечеги үчүн биримдикке келүү учурлар көп кездешет. Атамбаев бийликти узурпациялаганга аракеттенип жатат деген провокаторлордун артынан депутаттар, эл ээрчийт деп ишенбейм», — дейт президент.