28 жаштагы Ван Сиконг маламуту тукумундагы Коко аттуу итине атайын аккаунт ачып берген. Итке 1,9 млн адам жазылуу.

коко телефон

Коконун айфон менен түшкөн сүрөтүнө миңдеген жорумдар жазылып, айрымдар иттин мындай жакшы жашоосуна көз артып жатканын билдиришкен.

Ван

Ал эми Сиконг өзү Кытайдагы атактуу жана жаш бизнесмендердин катарына кирет. Ошондой эле ал Forbes чыгарган жыйынтык боюнча 24,2 млрд доллары бар эң бай адамдын жалгыз уулу болот.

коко саат

Буга чейин ээси Кокого ар бири 12 миң доллар турган Apple компаниясынын эки алтын саатын белек кылган. Андан сырткары иттин туулган күнү жогорку деңгээлде өткөрүлүп, сүйүү күнүндө акчалай сыйлыкка ээ болгон. Эс алуу учурларында Коко жогорку класстагы жеке учак менен чет өлкөлөргө учуп, люкс конок үйлөрүндө жашайт.

кок торт

Сиконг анын урматына Coco Wang аталышындагы жаныбарлардын оюнчук жана аксессуарларын сатуучу интернет-дүкөн ачкан.