13-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун (Бириккен улуттар уюму) башкы ассамблеясынын 71-сессиясы башталган.

Ага 150 өлкөдөн мамлекет жана өкмөт башчылар, тышкы иштер министрлери катышуу үчүн барышкан. Кыргызстан тараптан делегацияны жетектеп тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кеткен эле.

ТИМден билдиргендей, министр 24-сентябрда ассамблеянын жалпы саясий дискуссиясында чыгып сөз сүйлөйт. Андан сырткары БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун, БУУнун өнүктүрүү программасынын администратору Хелен Кларк менен жолугушуп, климат боюнча Париж келишимине кол коюга, эки тараптуу жолугушууларга жана ассамблеядагы актуалдуу маселелерге арналган иш чараларга катышат. Эки тараптуу жолугушууда бир катар келишимдерге кол коюлат.

Коллективдүү коопсуздук жөнүндөгү келишимдердин уюму, түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңеши, ислам кызматташтыгынын уюму тууралуу тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу болот.

Башкы ассамблеянын 71-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына бара жаткан жолдо Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начарлап, Түркияда дарылануу үчүн калган.