Министр Даурен Абаев кыргыз интернет таратуучулары аларды интернетке болгон баанын жогорулашына күнөөлөп жаткандыгы боюнча жооп берди.
«Биз бул маселенин үстүнөн иштеп жатабыз. Интернетке болгон төлөмдү жеке менчик компаниялар тейлейт. Бул рынок. Мындай тармакка мамлекет анчалык киришпейт. Баа боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, караштырабыз. Ал жерден дагы бир нерсени караш керек. Биз интернетти Орусиядан алабыз. Ал жакта да рынок», — дейт казак министри.