Парламент отурумунун экинчи жарымына премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышууда.
Спикер Чыныбай Турсунбеков өкмөт отчёт берип, депуттардын суроолоруна жооп бере турганын жарыялады.
Ошондой эле спикер чек ара жана анын айланасындагы маселелерди талкуулоо журналисттерсиз ишке ашырылат экенин белгиледи.
Өкмөт тарабынан чет өлкөдөгү мигранттардын укугун коргоо, жол кыймылындагы коопсуздук менен камсыз кылуу, жол-транспорт тармагындагы кырсыктардын алдын-алууга үйрөнүү жана «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу маселелери ортого салынат.