«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Facebookтагы баракчасына өзү сөз бергендей электрондук дарек түзгөнүн жарыялады.
Ал дарекке каалоочулар бийлик төбөлдөрүнүн жемкорлук иши жөнүндө маалымат жөнөтүп тура алышат. Электрондук почтанын дареги specialno_dlya_vas@bk.ru деп аталат.
Буга чейинки маалымат жыйынында эл өкүлү жарандарды саясатчылардын, анын ичинде президент жөнүндө компромат жана маалыматтарды айтып турууга чакырган. Ошондой «мен бул иштердин аягына чыгам» деп сөз берген эле.