Жыйын Таласта өтүп, анда облус казысы Таалайбек ажы Бапиев исламды жамынып алып, экстремизмди коомго таркатып жатышкан көрүнүштөр жолугуп жатканына токтолду.

«Мына ушундай карама-каршы шарттарда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана  имамдар алардын алдын тороп жок кылууда чоң күч болуп саналат. Эгемендүү өлкөнүн өнүгүү жолун тандап алып, алга карай жүрүш жасап жаткан мамлекетибиздин келечегин ойлоп, ар кандай терс диний агымдардын жайылышына жол бербешибиз керек», — деди облус казысы.

Муну менен катар ал алкоголизмдин, баңгиликтин коомдо түптөлүп баратышына токтолуп, бул багытта биргелешкен аракеттердин зарылдыгын айтып, андай жат жагымсыз көрүнүштөргө каршы күрөшүүнүн актуалдуулуган эске салды.

Бөлүшүү