Измирдин (Түркия) Чешме районундагы окумуштуулардын тобу скатты жээкке жакын жердеги 100 метр тереңдиктен торго түшүрүшкөн.

Ал канатын жазган убакта чоңдугу 2 метр 21 смге жетип, кеменин үстүндө тууганы айтылат. Алгач мындай чоңдуктагы балыкты көргөн топтун мүчөлөрү коркуп кетишкен. Алар торго түшкөн 450 кгдык скатты араңдан зорго алып чыгышканда куйругу кесилген болгон. Изилдөөчү Илкер Айдындын билдирүүсү боюнча, ири балык буга чейин тууш үчүн жээкке жакын келген.

“Балыкчылар тарабынан кармалып, кайра коё берилсе керек. Куйругу уулуу болгондугу үчүн балыкчылар кесип коюшса керек” – дейт окумуштуу.

Изилдөөчүлөр үчүн анын чоңдугу таң калычтуу болгону аз келгенсип, ал кеменин үстүнөн 8 балык тууган. Балык балдары менен кошо кайра сууга коё берилген. «Dasyatis pasticana» аталышындагы скаттын бул түрү буга чейин 1 метр 41 см өлчөмүндө кездешкени айтылат.

скат

Бөлүшүү