Кыргызстан өспүрүмдөр курамасы Азия чемпионатында плей-оффко чыгуу үчүн Вьетнам менен ойнойт.

Мелдештин алгачкы турунда Кыргызстан Австралия менен ойноп 1:0 эсебинде жеңишке жеткен. Экинчи оюн Жапония менен болуп курама 0:8 менен утулган.

В тайпасында Жапониядан кийин эле 3 упайы менен Вьетнам, андан соң Кыргызстан болгондуктан эки команда плей-оффтогу жалгыз орун үчүн күрөшөт. Топ айырмачылыгынан  Вьетнамга теңтайлаш эсеби жетиштүү болсо, экинчи этапка үчүн Кыргызстанга ишенимдүү жеңиш керек.

Бөлүшүү