Бүгүн  эл аралык  иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча парламенттик комитет өзүнүн кезектеги жыйынында Кадыржан Батыровдун айткан сөздөрүн карап чыкмак.

Жыйынга тышкы иштер министрлиги, УКМК, башкы прокуратура, ИИМ өкүлдөрү чакырылган.

Бирок комитет жыйын боюнча тыянакты даярдаган эмес. Бул себептен парламент  суроону талкуулабастан дароо добуш берүүгө өтүп кетти.

Кадыржан Батыров июнь окуясын уюштурган деген күнөө менен сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, алты жылдан бери издөөдө жүргөн.

Ал 22-cентябрда ЕККУнун Варшавадагы жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстандагы Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө каршылыгын билдирип кыргыз бийлигин сындаган. Ошондой эле ал  ЕККУну өлкөгө жардам бербөөгө чакырган.

Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров айтымында, Кадыржан Батыров оор кылмыштарга айыпталып эл аралык издөөдө болчу.

«2010, 2012-жылы Интерполгоиздөөгө көмөктөшүүгө өтүнүч жиберилген. Бирок, Интерпол издөө саясий мүнөздө  деп Батыровду кармоодон баш тарткан”,-деди.