Түндүк Каролина штатынын губернатору Патрик Маккрори Шарлотт шаарында өзгөчө кырдаал режимин жарыялады.

Ага протестанттардын нааразычылыгынан келип чыккан баш аламандык себеп болуп, анын кесепетинен 4 полиция кызматкери жарадар болгон.

Ал эми протестанттар полиция тарабынан өлтүрүлгөн кара терилүүнүн негизсиз өлүмүнө нааразы.

Мындан эки күн мурун тартип сакчылары авто унаадан түшүп келе жаткан адамдын колунан курал көрүп ага каршы ок атышкан. Жаракат алган киши ооруканада көз жумган. Ал 43 жаштагы афроамерикалык Кейт Ламонт Скотт аттуу адам болгон.

Анын жакындары анда эч кандай курал болбогонун, ал мектептен чыга турган баласын күтүп турганда ок атышканын айтышууда.

Бөлүшүү