Республикалык жылуулук энергия берүү борбору, жылуулук берүү түйүндөрү кышка даярдык көрдүбү? Быйыл шаар тургундарына жылуулук убагы менен берилеби? Электр энергиясына болгон баа көтөрүлбү?

Отун-энергетикалык комплексинин стас-катчысы Аскарбек Абдыжапаров быйыл Токтогул суу сактагычында 17 млрд 356 млн кубометр болуп суу көтөрүлгөнүн айтты.

«Былтыр суунун көлөмү 12 млрд 910 млн кубометрди түзгөн. Ошондуктан электр энергиянын баасы көтөрүлбөйт деп ишенимдүү айта алам. Бирок арзандашы тууралуу сөз боло элек”,- деди ал.

Ал эми «Электр станциялары» ишканасында даярдыктар жүрүүдө.

«Тартипке ылайык бардыгы өз убагы менен жүрүп жатат. Бардыгы кышка 950 миң тонна көмүр даярдалды. Анын ичинен 500 миң чет жердик жана 450 миң жергиликтүү маркалуу таш көмүрлөр. Жалпы азыркы учурда ЖЭБде 145 144 миң тонна көмүр бар»,- дейт аталган ишкананын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева.

Ошондой эле ЖЭБди жаңылоо иштеринин акыркы куруу этабы жүрүп жатат.

«Жыл сайын жылуулук берүүдөн мурун Бишкек шаарынын мэриясынын буйругу берилип, андан соң ЖЭБде жылуулук иштетүү режими жандырылат. Жылуулук көрсөткүчтөрүн аба ырайына ылайыктайбыз. Эгер эшиктеги аба ырайы 3 күн катары менен  +8 градуста болсо анда ЖЭБди күйгүзүү керек деген белги»,- деп кошумчалады Т.Айдаралиева.

Жылуулук тармагында да оңдоп-түзөө иштери аягына чыгып калды.

«Эскилиги жеткен түтүктөрдүн алмаштыруу иштери жалпы 91 млн сомго бүттү. Анын ичинде үйдүн ичиндеги жылуулук берүү системаларын жаңыланып, ысык суу менен камсыз кылуу иштери 59 млн сомго айланды»,- дейт жылуулук тармагы ишканасынын басма сөз катчысы.

Ошондой эле Тыныстанов, Каралаев , Пушкин жана 7-кичи районундагы жылуулук тармактарын оңдоо иштери аягына жеткен.

Жалпысынан мамлекеттик ишканалар быйыл бардыгы кышка даярдыктын 90 % аяктап, жарандар электр энергиясын өчүрүү же кечигип жылуулук берүү деген көйгөйлөргө кабылбайт деп ишендиришти.

Бөлүшүү