Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы тарабынан бир катар обьектилерге текшерүүү жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында «Жол-Аман» ЖЧКнан жана Көлмө конушундагы Максат көчөсүндө жайгашкан касапканадан бир катар эреже бузуу фактылары катталган.
«Ветеринария боюнча» мыйзамдын бузулушуна карата эки обьектиге эскертүү берилген. Ошондой эле эрежелер сакталбай турган болсо, административдик айып салынары эскертилгенин ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы Saat.kgге билдирди.