Учурда Свердлов РИИБси кылмышка шектүүнүн иши боюнча тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Бир нече күн мурун укук коргоо органдарына жаңы курулуштардын биринде жашаган 25 жаштагы келин кайрылган. Анын кайрылуусунун себеби, уурдаткан телефонунда жана барымтадагы 1,5 жаштагы уулунда болгон.

Окуяны иликтей келгенде келин баласын алып Дордой базарына бара жаткан жолдо, азиат улутундагы кыз андан сүйлөшүп алуу үчүн телефон сураган. Кыздын өтүнүчүн аткарып, телефонун берген. Базардын ичине киргенде дагы бир жолу сурап, мунусунда сүйлөшүүсү көпкө узаган. Күтүп туруудан тажаган келин баласын кызга карматып, кийим сатуучу контейнерлерге кирип кеткен. Бир нече мүнөттөн кийин катып келип, баласы менен кызды таппай калган.

Бул окуядан кийин милиция кызматкерлери издөө иштерин баштаган. Белгисиз кыз менен телефон аркылуу сүйлөшүү аракетин жасашканда, эгерде келин баласын көргүсү келсе акча издеши керектигин жана укук коргоо органдарына билдирбеши керектигин айткан.

Жүргүзүлгөн операцияларга ылайык келин кыздын шартына көнүп, ал эми кыз болжоп койгон кафеге келүүгө макул болгон. Жолугушуу учурунда кыз укук коргоо органдары тарабынан кармалып, бала энесине кайтарылган.

Кылмышка шектелип кармалган жаран 19 жаштагы Талас облусунун тургуну. Жаш экенине карабай буга чейин үч жолу кылмыш жазасына тартылган. Ал баланы алып узагыраак кетип калууга үлгүргөн. Акча сунуштаганда такси кармап болжошкон жерге келген.

Бөлүшүү