Мелдеш Вьетнамдын Дананг шаарында 24-сентябрдан 3-октябрга чейин уланат.
Мамлекеттик спорт агенттиги кабарлагандай, кыргыз спортчулары самбо, джиу-джитсу жана муай-тай боюнча күч сынашат.
Ошондой эле Дананг шаарында Олимпиадалык Азия кеңешмеси өткөрүп жаткан генералдык ассамблеяда аталган агенттиктин директору Канат Аманкулов да катышат.