Кечээ Москванын чыгышындагы Амур көчөсүндөгү пластик өндүрүүчү кампадан өрт чыккан.

Имараттын 4 миң чарчы метр жери күйүп, 1 миң чарчы метрлик чатыры урап түшкөн. Тилсиз жоону 160 куткаруучу 12 сааттан ашык убакыт өчүрүү менен алек болуп, 46 техника колдонулган.

Азыркы убакка чейин 8 өрт кызматкеринин дайыны жок болууда. ӨКМ башкармалыгынын айтымында өрт учурунда алар урап жаткан чатырдын астында иштеп жатышкан.

«Интерфакстын» маалыматы боюнча күйгөн имарат пластикалык продукция чыгарган борбордогу ири базалардын бири болгон. Анда көбүнчөсү КМШ мамлекеттеринен келген мигранттар эмгектенип, айрымдары ошол жакта жашап да жүрүшкөн. Ошондой эле имаратта жасалма гүл, идиш-аяк жана башкаларды саткан 50 ишкана жайкашканы айтылат.

Ал эми ӨКМ кызматынын билдирүүсүндө мекемеден 100дөн ашуун адам чыгарылган. Ал эми өрт чыккан кампада эч ким болгон эмес.

Учурда өрт болгон жерде тазалоо, жыйноо жана издөө иштери жүрүүдө. Бирок, аталган 8 кызматкердин дайыны алигиче белгисиз.

Бөлүшүү