Кармалгандар Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү болгон.

Сентябрдын башында Ош облусунун тургуну арыз менен милицияга кайрылган. Анда белгисиз адамдар бычак менен коркутуп кымбат баалуу саат жана 18000 рубль тартып алып, 200000 өлчөмүндөгү акча талап кылгандыгын айткан.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп 4 кыргыз жараны кармалган.

«Азыркы учурда алар убактылуу кармоочу жайга камалып, башка кылмыш иштеринде изи бар-жогу териштирилүүдө”,-деп билдирет ИИМнин басма сөз катчысы

Бөлүшүү