Кыргызстан азыркы учурда Вьетнамдын Дананг шаарында өтүп жаткан V Азиялык кум жээк оюндарына катышууда.

Анда джиу-джитсу боюнча 77 кг салмакта мелдешке чыккан Муртазали Мураталиев Кыргызстан үчүн биринчи коло медалды жеңип берди.

Оюндардын расмий сайты кабарлагандай, джиу-джитсу боюнча 17 комплект медаль ойнотулуп, кыргызстандыктар 3 салмактык категорияда күч сынашкан.

Муртазали Мураталиев 4 оюндан жеңишке жетишип, жарым финалда бахрейндик Али Мунфаредиге утулуп калган.

Коло үчүн болгон күрөштө ал казакстандык Марат Кутжановду артка калтырып 3-орунду ээледи.

Джиу-джитсу боюнча мелдештин биринчи күнүндө кыргызстандык Нуркалый Мирланов (69 кг) жана Абдурахманхаджи Муртазалиев (85 кг чейинки) күрөшкө чыгып бирок жеңишке жете алышкан жок.

Азия кум жээк оюндарында 22 спорттун түрү боюнча медалдар ойнотулса, кыргыз спортчулары  кум жээк күрөшү, джиу-джитсу жана муай-тай боюнча күч сынашат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү