Бишкек шаарындагы кичи автобустарга болгон нааразычылыктын аягы суулбайт сыяктуу.

Кээ бир айдоочулардын оройлугу жана жол эрежелеринин өтө көп бузушу тууралуу көпчүлүк айтып келет.

Жакында эле болгон окуялар буга мисал боло алат. Анда №138 кичи автобус жолдон тоголонуп кетип, жаш кыз колунан айрылган. Андан кийин эле дагы бир кырсык катталган. Маршруткага кирип жаткан кызды байкабай, айдоочу унаасын айдап кеткен. Жыйынтыгында жүргүнчү кулап, жаракат алганы белгилүү.

Кичи автобустарды иштеткен жеке фирмалар кандай талаптар менен жумушчуларды алышат? Эмнени талап кылышат? Айтылган арыздар боюнча мэрия кандай чара көрөт?

Бишкек шаардык транспортту башкаруу жетекчиси Нурлан Абыканов учурда 2700 кичи автобус 119 каттамда иштей турганына толтолду.

«Арыздар болуп турат. Бир күндө төрттөн ашык түшүшү мүмкүн. Арыз катталганда биз чын-төгүнүн текшеребиз. Андан соң айдоочуну, жеке фирманы жана жүргүнчүнү жолугуштуруп, көйгөйдү чечкенде аракет кылабыз. Салык, сөгүш же болбосо бир нече айга жумуштан четтетүү болушу мүмкүн. Эгер катуу тартип бузган болсо, анда ал айдоочуну жумуштан алуу маселесин көтөрөбүз», — деди ал.

Кичи автобустун айдоочусу болуу үчүн 3 жылдык тажрыйба, жана D категориясындагы лицензия болушу керек.

Жеке фирма менен жумушчунун ортосунда келишим түзүлүп, анда бардык талаптар, иш эрежелери каралат.

«Айдоочулардын оройлугу, коомдук транспорттун таза эместиги менен күрөшүп келебиз. Алардын үстүнөн көзөмөлдөгөн жеке фирмалардын жетекчилерин чогултуп алып чогулуштарды да уюштурабыз», — деп кошумчалады Абыканов.

Мэриянын басма сөз кызматынын өкүлү Калперизат Айдарбекова билдиргендей, арызды кабыл ала турчу 185 номуруна чакыруу түшсө, анда айдоочуну жазалоо боюнча мэриядан жеке фирмаларга сунуш айтылат.

«Ал эми чараларды жетекчилер өздөрү көрүшөт»,- дейт Айдарбекова.

 Анын айтымында, өткөн жумада эле 185 номуруна 18 арыз түшкөн.

Ал эми жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү айдоочулар унааларды толтуруп айдаганы абдан кооптонтот деп билдиришти.

«Жүргүнчүлөрдү толтуруп алып кете беришет. Кээ бир унааларга отурсаң отургучтары да аз. Мындай учурлар жакпайт»,- дейт шаар тургуну Мээрим Түлөбердиева.

Бул маселе боюнча шаардык транспорт башкармалыгы эгер күтүп турган жүргүнчүнү айдоочу салбай кетсе, анда дагы арыздар боло турганын белгиледи.

2014-жылы унаасын жүргүнчүлөргө толтуруп айдагандарга айып салуу боюнча демилге көтөрүлгөн. Бирок анда көпчүлүк айдоочулар нааразычылыгын билдирип жумушка чыкпай койгон. Автобус жана троллейбустар толуп, шаар тургундары жумушка кечиккендери да белгилүү.

Ошондуктан бул мыйзам ишке ашкан эмес. Азыр бул демилгени кайрадан көтөрүп чыккандар да бар.

Ошол эле учурда айдоочулардын айтымында, 12 кишини салып алып жүрүүнүн, аларга пайдасы жок.

«Анда майдын акчасын да акталбайт. Андай болсо жол кирени көбөйтүү керек 20 сом кылып. Жүргүнчүлөр төлөйбү ошол акчаны?»,- дейт №215 маршрутунун айдоочусу Талант Адыл уулу 

Кээ бир учурда жүргүнчүлөр өздөрү да эреже бузушат. Туура эмес жерден токтотушат.

“Жанында аялдама турса, 10 метр баскысы келбейт. Сен салбай кетсең, артыңда келе жатканы баары бир салат. Ошондуктан токтоп алып кетебиз. Бирок азыр туура эмес жерден токтоткондугун үчүн айып да салышат”,- дейт айдоочу Алмаз Кудайбергенов.

Бөлүшүү