Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Kyrgyztimes сайтынын журналисти Кенжебек Жумабаевдин иши боюнча сот уланды.
Кенжебек Жумабаев 2013-жылы Караколдогу тынчсыздануулар убагында экс-губернатор Эмилбек Капатагевди барымтага алган деп айыпталууда.
Жыйындын жүрүшүндө сотко бул иш боюнча 6 күбөнүн жоктугу тууралуу кабарлашты. Кенжебек Жумабаевдин жактоочусу бул үчүнчү жолу кайталанып жаткандыгын кошумчалады. Ал күбөлөрдү жана Эмилбек Каптагаевди сотко күч менен алып келүү туралуу өзүнүн өтүнүчүн билдирди.
Жыйынтыгында кийинки сот жүрүшү 5-октябрга белгиленди.
2013-жылы Ысык-Көл облусунда «Кумтор «алтын кенинин жанында жашаган жергиликтүү тургундардын нааразычылык акциялары өткөн. Алар жолду жабышып, «Кумторго» кетчү электр энергиясын да бууп салышкан. Кагылышуу убагында укук коргоо органдары жана акциянын катышуучулары жабыр тарткан.