Кара–Буура районундагы Кызыл-Адыр айылынын Карл Маркс көчөсүнүн №4 үйүнүн тургуну Абдуллаевдердин үй-бүлөсү жашап жаткан көп кабаттуу үйүнүн батыш тарабына кошумча мыйзамсыз курулуш куруп алган.

Мамэкотехинспекция тарабынан курулуштун мыйзамсыз экендигин түшүндүрүп, мыйзамга ылайык тиешелүү документтерди алуу жөнүндө талап коюлган.

Коюлган талаптарды аткарбай инспекциянын инспекторлоруна баш ийбегендигине байланыштуу, иш Кара-Буура райондук ИИБине өткөрүлүп берилди.

Кыргызстанда көп кабаттуу үйлөргө улай, кошумча курулуш жүргүзүп техникалык талаптарды бузуу көп катталууда.

Бөлүшүү