Ал балкондун сыртына аттап өтүп, асылып турган жеринен колу бошоп кеткен.

16 жаштагы өспүрүм 23-кабаттан ылдый кулап келатып, унаа токтотуучу жайда турган Renault Logan унаасынын үстүнө түшкөн. Анын ошол себептен жеңил түшүп, аман калганы айтылууда.

Баланын максаты курбу кызына таасир калтыруу болгон. Ал көп жеринен сынык жана жаракаттарды алган.