Ош шаарынын күнүн жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн шаар мэриясы тарабынан бардык даярдыктар жүрүп жатат.

Мэриядан кабарлагандай, быйыл майрамды жылдагыдан өзгөчө өткөрүү максатында атайын адистердин кеңеши менен шаар күнүн белгилөөнүн сценарийлери иштелип чыкты.

Шаардын күнүнө карата чет мамлекеттерден коноктор, достук келишимдеги шаарлардын мэрлери жетектеген делегация мүчөлөрү, КРнын Өкмөтүнүн өкүлдөрү, бардык облус, шаарлардын жетекчилери катышат.

Майрам 5-октябрда саат 9:00дө шаардын борбордук аянтында театралдашкан оюн-зоок, концерттик программа менен башталат.

Ошондой эле “Алтын күз” жармаңкеси жана спорттук мелдештер өтөт.

Кечинде модалуу азем кийимдердин көргөзмөсү жана белгилүү ырчы, бийчилеринин катышуусунда чоң шоу концерт тартууланат. Концертте 500 комузчу күү аткарат.

Бөлүшүү