Өмүрбек Текебаев пресс-тур учурунда Фрунзе менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Сентябрь» телеканалынын имаратын журналисттерге көрсөттү.

«Башынан эле бул биздин жеке менчигибиз, биздин өнөктөштөрүбүз. Бирок мен «Сентябрь» телеканалынын ээси эмесмин. Мен мыйзамды сыйлайм, ошондуктан бизнес менен алектенбешим керек», — дейт ал.