«Республика — Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов референдум тууралуу маселени эки же үч депутаттын катышуусунда караса боло турганын айтты.

«Бул мыйзам долбоорго 84 депутат кол койду. Маселени караганга негиз бар. Мындан тышкары, «Ата Мекен» фракциясынын кээ бир депутаттары дагы кол коюп берген», — деп белгиледи.

ЖКнын конституциялык мыйзамдар комитетинин жыйынында Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду 4-декабрга дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору каралууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү