Ильзат Ахметов «Рубиндин» жарым коргоочусу.

«Ал Бишкекте төрөлгөн, ошондуктан Кыргызстан үчүн ойноого укугу бар”,- деп «Известия» журналы жазып чыкты.

Азыркы учурда Ахметовдун Орусиянын паспорту гана бар, бирок эгер футболчу кааласа, жарандыкты алмаштыруу оордук кылбайт.

Бул маалыматты Александр Крестинин да тактаган

“Бизди Ахметов кызыктырат. Азыр ал Орусиянын өспүрүмдөр курамасынын тизмесинде. Кыргызстанда болсо улуттук курамада ойнойт. Тандоо Ильзаттын колунда”,- деп билдирген машыктыруучу.

Спорт юристи Михаил Прокопец Ахметов эч кыйналбай жарандыгын алмаштырып, курама үчүн ойной берсе боло турганын айтты.

Ильзат Ахметов 1997-жылы Бишкекте төрөлгөн. Алгач “Алга” футболдук клубунда машыга баштап, үй-бүлөсү менен 2009-жылы Орусияга көчүп кетишкен.

Ал жерде Тольяттидеги  белгилүү Коноплев атындагы академияда машыгуусун уланткан.

2014-жылдан тарта  алгач «Рубиндин» өспүрүмдөр, андан соң негизги курамасында ойноп келет.