Муса Бажаев «Жер Үй» алтын кенин иштетүү укугуна ээ, Орусиянын белгилүү миллиардерлеринин бири.

Ал кичүү кызы Элина Бажаеваны чечен олигархы Алихан Мамакаевдин уулуна бергенин Орусия ММКлары жазып чыкты.

22 жаштагы Элина Орусиянын атактуу жогорку окуу жайларынын биринде окуйт. Ал эми 25 жаштагы күйөө баласы Бекхан Мамакаев Лондондо окуган жана алты тилде эркин сүйлөй алат. Атасынын мураскери.
Алардын үлпөт тою Монте-Карлодо европа стандарттары жана чечен салттары менен өттү. Муса Бажаев менен жубайы Луиза салтты кармап тойго келбегендиги айтылат. Анткени, салт боюнча кыздын ата-энеси тойго катышпайт.
Бөлүшүү