Өлкө бийлиги Пхукет аралындагы Найтон, Най-Янг жана Лаян көл жээктеринде сууга түшүүгө чектөө киргизилди.

физ

Ага уусу адамдын өлүмүнө алып келе турган физалиялардын коркунучу себеп болгон. Бул жандыкты көбүнчө медузага окшоштурушат. Алар дүйнөлүк океанда жер которуп отурушат. Кезектеги жери Таиланд көл жээктери болгон.

Алардын буттарынын узундугу 50 метрге чейин жетип, уулуу болот. Физалиялар океан жандыктарын өлтүрүп, адамда катуу күйүктү жаратат. Өз убагында жардам берилбесе өлүмгө алып келет.

Азыркы тапта жээктерде медициналык кызмат көрсөтүүчү топтордун иштеп жатканы айтылат.

Бөлүшүү