Кырсыктуу окуя Кытайдын Нинся-Хуэйск автономдук районунда катталган.

Аталган аймакта 20 кызматкер жер алдында иштеп жаткан. Алардын иши шахтадан көмүр өндүрүү үчүн чалгындоо иштерин жүргүзүү болгон. Ошол маалда жарылуу болуп, 18 шахтер көз жумган. Экөөнүн дайынсыз жоголуп, табыла электиги айтылууда.

Алдын-ала божомолдоолор боюнча, шахтада газ аралашмасы детонация болгон.

Шахта Linli Coal Miniing Co. Ltd. ишканасына тиешелүү. Окуяга тиешелүү адамдар полициянын көзөмөлүнө алынып, алардын мыйзамсыз чалгындоо жүргүзгөнү айтылууда.