Президенттин абалы канааттандырарлык жана ушул жуманын аягында ооруканадан чыгат.

Мамлекет башчысы мурда анын жүрөк оорусун изилдеген жана дарылаган Москвадагы борбордук клиникалык оорукананын адистеринин кароосу алдында дарыланып жатат. Азыр жүрөк аритмиясына байланыштуу көйгөйлөр толук жоюлду.

«Мындан тышкары, 2008-жылы ууландырылгандан кийин президент Түркияда ашказанын дарылаткан эле. Бул жолу да профилактикалык максатта дарыгерлер изилдөө жүргүзүштү»,- деп билдирет президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү