Республикалык диагностикалык борбордун лабораториясынан көзөмөлдөн өтүп жаткан учурда эт сапатсыз болуп чыккан.

Беларусиядан келген, «Гомолевск» комбинатына таандык 20 тонна эт Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан артка жиберилген.

Текшерүүдөн өтпөй калган эттин кайра ээсине жөнөтүлгөнүн аталган инспекциянын басма сөз кызматы Saat.kgге билдирди.

Бөлүшүү