Экономиканын саламаттыгы өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн өсүү темпине жараша болот. Дүйнөлүк байлыктын 50%на планетадагы калктын  1%ы гана ээ.

Акыркы 30 жылда Кытайдын экономикасы жылына 10%га өсүп отурган. Бул дүйнөдөгү эң чоң көрсөткүч болуп эсептелинет. Ал эми АКШнын ички дүң өнүмү (ИДӨ) жылына орточо эсеп менен 2,7%га өсүүдө болгон.

Номиналдык ИДӨсү жогору 10 өлкө.

АКШ — 17 миң 947 трлн доллар;

Кытай — 10 миң 983 трлн даллар;

Жапония — 4 миң 123 трлн доллар;

Германия — 3 миң 358 трлн доллар;

Англия — 2 миң 849 трлн доллар;

Франция — 2 миң 422 трлн доллар;

Индия — 2 миң 91 трлн доллар;

Италия — 1 миң 816 трлн доллар;

Бразилия — 1 миң 773 трлн доллар;

Канада — 1 миң 552 трлн доллар.

Жалпы дүйнөлүк байлык каржы кризисинен улам 12,4 трлн долларга кыскарып кеткен. 2015-жылы 250 трлн долларды түзгөн.

 

Бөлүшүү