Мамлекеттик департаменттен кабарлашкандай, Керри Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен болгон 28-сентябрдагы телефондук сүйлөшүүсү маалында ага кескин талап койгон.

Мамдепартамент башчысынын басма сөз катчысы Жон Кирби Вашингтон эгер Орусия Алепподогу соккуларын токтотуу боюнча тез аранын ичинде кадам жасабаса, анда Сирия боюнча Орусия менен АКШ ортосундагы эки тараптуу кызматташууну токтотууга даярдана баштарын билдирди.

Орусия ТИМи расмий билдирүү таратып, анда Керри менен болгон сүйлөшүүсүндө Лавров АКШны Сириядагы оппозициялык жана террорчул топторду бөлүү боюнча алган милдеттенмелерин аткарууга чакырганын белгиледи.