Бул тууралуу улуттук илимдер академиясынын президиумунун башкы окумуштуу катчысы, академиянын мүчө-корреспонденти Чолпонкул Арабаев билдирди.

Жогорку Кеңеш караган илим чөйрөсүнө тиешелүү мыйзам долбоору биринчи окууда 99 добуш менен кабыл алынды.

Илим тармагын өнүктүрүүгө каралган каржылык колдоо мамлекет тарабынан ИДПнын ченеминде алганда 0,88%ды гана түзөт.

“Мындай абал  кандайдыр бир олуттуу ачылыштарды жарата салууга толук тирек боло албайт. Ошондуктан, илим тармагын коммерцизациялоо зарыл. Бул деген илимдеги ачылыштарды колдонуу менен киреше табууга жол ачуу дегендик. Аны ири завод-фабрикаларды күтүп олтура бербей, ишкердиктин чөйрөсүнө сунуштаган туура. Себеби, азыркы колдонулуп жаткан электр энергиясы үчүн акылдуу эсептегичтер биздин, кыргыз окумуштуулары тарабынан мындан 7-8 жыл мурда эле ойлонуп табылгандыгын айтышыбыз керек”,- дейт Арабаев.